Жети-Өгүз районунун Оргочор айылындагы орто мектептин окуучулары үчүн Салымбеков Университетте экскурсия болуп өттү.
⠀
Студенттерибиз окуучуларга университет менен тааныштырып, адистиктер жана окуу пландары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле мектеп окуучулары студенттердин жашоосу, алардын ишмердүүлүгү жана ар бир адамга жеткиликтүү болгон ийримдер менен таанышты. Экскурсия кызыктуу жана мазмундуу болуп, окуучулар университет жөнүндө кенен маалымат ала алышты.