Бүгүн Эл аралык IT жана бизнес колледжинин студенттери Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты. Окуу жайда чакан салтанаттык иш-чара кылып, балдарга белектер тапшырылып, ден соолук, бакыт-таалай жана бардык иштерине ийгилик каалашты.
⠀
Студенттер атайын концерттик номер даярдашып, анда патриоттук ырларды жана бийлерди аткарышты.
Баардык мырзаларды майрамы менен куттуктайбыз!