Кыргыз-экономикалык университетинин жетекчилиги Салымбеков Университетине барды
Кыргыз-экономикалык университетинин жетекчилиги ректор Алмаз Токтобекович Кадыралиевдин башчылыгы менен Салымбеков Университетине коноктук сапар жасады. Жолугушууда академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Биз ишенебиз, түзүлгөн байланыштар жана тажрыйба алмашуу Кыргызстандын жогорку билим берүү жана илимий изилдөөлөрүнүн мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.