DIG DEV KGZ 2024: Кыргызстандын студенттери үчүн хакатон ийгиликтүү аяктады!
8-9-ноябрда Бишкекте DIG DEV KGZ 2024: «Өнүгүү үчүн санариптештирүү» аттуу студенттик хакатон өттү. 18 саат бою жаш адистердин командалары санарип мамлекеттик башкаруу, жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана акылдуу шаарлар тармагында чечимдерди иштеп чыгып, жаңычыл идеяларды жана жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүштү.
Ар бир категориядагы жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана уникалдуу, келечектүү долбоорлору үчүн атайын сыйлыктар тапшырылды. Хакатон Борбордук Азия Университети, Light Academy жана Салымбеков Университетинин биргелешкен күч-аракети менен уюштурулду.
Бардык катышуучуларды куттуктайбыз, өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз жана студенттердин Кыргызстандын санарип келечегине кошкон салымына сыймыктанабыз!