«Salymbekov IT College Quiz» интеллектуалдык оюну Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана Бизнес колледжинде өттү
Биздин студенттер интеллектуалдык оюнга катышып, өздөрүнүн мыкты билимин жана атаандаштык рухун көрсөтүштү. Катышуучулар өз билимин текшерип гана тим болбостон, достору жана пикирлештери менен жакшы убакыт өткөрүштү. Оюндун аягында жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктарды алышты, ал эми бардык катышуучулар жакшы маанай жана шыктануу менен тарашты.
Баардык катышуучуларды куттуктайбыз жана кийинки иш-чараларда сиздерди күтүп калабыз!