Бүгүн ЖРТга даярдоо максатында өтүп жаткан “Study Camp” лагеринин катышуучуларына экскурсия өткөрдүк. Экскурсия катышуучуларды университеттин жашоосу менен тааныштыруу жана заманбап жогорку билим берүү кандай болоорун көрсөтүү максатында уюштурулду.
⠀
Экскурсиянын катышуучулары университеттин комплексинин масштабы абдан таң калды. Алар медицина факультетине, симуляциялык жана лекциялык залдарга, китепканага, лабораториялык кабинеттерге жана биздин клиникалык база барышты.
⠀
«Study Camp» билим берүү лагери Салымбеков Университеттин колдоосу менен Салымбеков бизнес мектеби тарабынан өткөрүлүүдө.