9-февралда Эл аралык медицина факультетинин студенттери үчүн нейрохирургия жана ортопедия боюнча лекция өткөрүлдү.
⠀
Лекцияны Түркиядан келген белгилүү дарыгерлер, профессор, ортопедия жана травматология боюнча адис Хасан Хилми Муратли жана профессор, нейрохирург Эркан Каптаноглу окушту.
⠀
Университет мындан ары да окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын лекцияларын өткөрөт.