Студенттерибизди куттуктайбыз!
Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинин студенттери Нурбекова Нурбаян жана Бейшеева Адилина абройлуу «Түрк элдеринин мыкты студенти» аттуу эл аралык конкурска катышып, ар бири сыйлуу орунга ээ болушту!
Сыйлык тапшыруу аземи Астана шаарында, Казакстан Республикасынын Окуу-ағарту министрлигинин жана «Bilim Orkenieti» Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борборунун колдоосу менен өттү. Форум таланттуу студенттердин байланыштарын чыңдоо максатын көздөдү. Иш-чарага окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Нурбаян жана Адилинага дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз! Биз сиздер менен сыймыктанабыз!