4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата Кыргыз улуттук «Манас» театры Салымбеков Университети менен биргеликте уюштуруп жаткан «” Манас” эпосу жана кылымдарды карыткан кыргыз тарыхы» аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү.
⠀
Иш-чарага Президентке караштуу “Мурас” фондунун төрагасы Кыяз Молдокасымов, коомдук жана мамлекеттик ишмер Ибрагим Жунусов, филология илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов,
Манас таануучу, жазуучу Бактыбек Максутов, филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Конкобаев жана маначылар, акындар, илимий жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, студенттер катышты.