Салымбеков Университет менен Кимё Эл аралык Университети кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
⠀
Бул кызматташтыктын алкагында Салымбеков Университеттин Эл аралык медицина факультети Кимё Университети менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, мугалимдер менен студенттердин ортосунда алмашуу программалар, ошондой эле клиникалык базаларда биргелешкен операцияларды жана дарылоолорду жүргүзүү жаатында кызматташат.