Салымбеков Университет Улуу Британиянын Бирмингем шаарындагы Imperial English UK менен кызматташуу боюнча Меморандумга кол койду.
⠀
Университетке Imperial English UK уюмунун негиздөөчүсү доктор Говинд Десай келди. Иш сапардын алкагында университеттин жана IT жана бизнес колледжинин мугалимдери жана студенттери менен жолугушуу уюштурулду.
⠀
Доктор Десай белгилегендей, Imperial English курстары дүйнөлүк жана Британдык ESOL, Common European Framework жана IELTS стандарттарына жооп берет. Курста англис тилин үйрөтүү үчүн ар кандай интеграцияланган окуу куралдарын колдонушат.
Курстун аягында катышуучуларга эл аралык сертификаттар берилет, тил билимин жогорулатууну каалагандар үчүн Улуу Британияга турлар болот.