Бүгүн Салымбеков Университетте “Нейрохирургия жана ортопедиядагы заманбап чечимдер” деген темада эл аралык конференция өттү.
⠀
Конференцияда Түркиядан келген белгилүү дарыгерлер лектор катары чыгышты:
-Профессор, ортопедия жана травматология боюнча адис Хасан Хилми Муратли, “Арахноидалдык киста. Мээнин шишиктери. чоңдордо гидроцефалия. Мээнин пролапсы. Кыймылдын бузулушу жана мээнин батареясы”
-Профессор, нейрохирург Эркан Каптаноглу, "Жамбаштын дисплазиясынын өнүгүшү. Церебралдык шал оорусу менен ооругандардын жамбаш муундарынын скрининги"
⠀
Конференцияга врачтар, биздин клиникалык базанын кызматкерлери, ошондой эле университеттин студенттери, окутуучулары катышты.
⠀
Иш-чарадан кийин университеттин жетекчилиги келген профессорлор менен медициналык билимди жана илимди өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.
⠀
Конференцияны Салымбеков Университети DOC университетинин клиникасы менен биргеликте уюштурган.