Салымбеков атындагы университеттин ректору Эсенгелди Жумадилов К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Биздин кызматташтыгыбыздын максаты – Нарын шаарынын жаштарынын арасында кесипке багыт берүүнү, жеке өсүүнү, чыгармачылык билимди, заманбап көндүмдөрдү, санариптик жана маалыматтык сабаттуулукту, ошондой эле илим, технология, инженерия, искусство жана математика (STEAM) багыттарын өнүктүрүү.
Нарын педагогикалык колледжинин директору Казыбек Асылбековго кызматташуусу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Меморандумга кол коюу аземи Нарын шаарындагы Билим берүү жана инновация борборунун ачылышынын алкагында өттү.