Бүгүн университетте Нооруз майрамы белгиленди. Көктөм майрам жаздын башталышын жана жаңы жылдын символу катары эсептелет.
⠀
Майрамдык кечеде жылуу жана кубанычтуу атмосфера өкүм сүрүп, бардык коноктор студенттердин жаркыраган костюмдарынан жана чебер бий кыймылдарынан көздөрүн ала албай калышты. Медицина факультетинин чет элдик студенттери кыргыз тилинде ырларды аткарып, улуттук бийлерди жана “Сармерден” оюнун көрсөтүп, кыргыз маданиятынын кооздугун, өзгөчөлүгүн ачып беришти.
⠀
Концерт таланттын жана чыгармачылыктын чыныгы салтанаты болуп чыкты!
⠀
Жагымдуу маанай тартуулап, мыкты концерт үчүн студенттерге жана мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз!