Сыйлыгыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Салымбеков Университетинин Жаштар жана маркетинг департаментинин жетекчиси Аскарбеков Улукбек «Жаштар саясатынын отличниги» төш белгиси менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги анын мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүүгө жана ишке ашырууга кошкон чоң салымын белгиледи.
Бул белги анын жаштарга колдоо көрсөтүүгө, билим берүү жана социалдык долбоорлорду түзүүгө, ошондой эле жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган көп жылдык эмгегинин таанылышы болуп саналат.
Сиздин жетишкендигиңиз менен сыймыктанабыз жана алдыда сизди дагы да чоң ийгиликтер күтөт деп ишенебиз!