А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын мектеп окуучулары университетке экскурсияга келишти.
⠀
⠀
Университетибиздин мугалимдери аларга экскурсия жасап, окуу бөлмөлөрүн, китепкананы, компьютердик класстарды жана медиа студияны көрсөтүштү.
⠀
Эл аралык IT жана бизнес колледжинин директору Нурзат Жунушалиева окуу жай тууралуу маалымат берип, Салымбеков Университетке кабыл алуу, кирүү сынактары, окуу акысы жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу боюнча айтып берди.
⠀