Кореянын ритмдери: Искусство, маданият жана салттар
Салымбеков Университети Кыргызстан Жаштар Кыймылы менен биргеликте кыргыз-корей достугун чыӊдоо жана эки элдин маданий өз ара түшүнүүсүн бекемдөө максатында өзгөчө иш-чара уюштурду.
Иш-чаранын максаты:
Кореянын бай маданияты, искусствосу жана салттары менен тааныштырып, студенттердин жана коноктордун маданий баалуулуктарга кызыгуусун арттыруу.
Иш-чаранын негизги бөлүгү:
Иш-чаранын алкагында кореялык кинотасма көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү тереӊ таасирлентти. Тасмада Кореянын уникалдуу маданий өзгөчөлүктөрү жана улуттук баалуулуктары чагылдырылды.
Катышуучулар корей маданиятынын атмосферасын сезишип, Кыргызстан менен Кореянын маданий байланышын тереӊ түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.