Бүгүн Салымбеков Университетинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чара «Кыргызстан Жаштар Кыймылы» тарабынан уюштурулган «Катыш! Танда! Шайла!» кампаниясынын алкагында өттү.
Студенттер жергиликтүү кеңештердин алдыдагы шайлоолору тууралуу маанилүү маалыматтарды алышып, бул процесстеги жаштардын ролу канчалык маанилүү экенин талкуулашты.
Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, түздөн-түз БШК төрайымынан жоопторду алышты.
Жаштар — өлкөнүн келечеги, жана ар бир добуш маанилүү!