Окутуучулар үчүн семинар

Салымбеков Университетинде мугалимдер үчүн электрондук окутуу платформасын натыйжалуу колдонууга арналган ийгиликтүү воркшоп өткөрүлдү.

Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча практикалык билим алышты:

окуу материалдарын түзүү жана жүктөө;
студенттер менен онлайн өз ара аракеттенүү;
билим берүүнүн сапатын жогорулатууда санариптик инструменттерди колдонуу.

Иш-чаранын алкагында профессор, илим боюнча проректор Түлөкеев Токтогазы Молдалиевич мугалимдер үчүн эл аралык рецензияланган журналдарга илимий макалаларды жазуу жана жарыялоо боюнча семинар өткөрдү. Ошондой эле университеттеги илимий ишмердүүлүктү стимулдаштыруу механизмдери жана университеттик илимий журналдын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Бул иш-чара билим берүүнү санариптештирүү жана илимий потенциалды өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болуп эсептелет.

Тулекеев Токтогазы
467752375_18059015050843726_892057137562857268_n
468018583_18059015041843726_3344720729560960204_n
Тулекеев Токтогазы 467752375_18059015050843726_892057137562857268_n 468018583_18059015041843726_3344720729560960204_n