Салымбеков Университетинин студенттери Түштүк Кореянын алдыңкы IT-компаниясында стажировка өтүшөт
Бүгүн Салымбеков Университетинин жетекчилиги жакынкы күндөрү Түштүк Кореяга стажировкага бара турган студенттер менен жолугушту. Алар дүйнөлүк бизнес үчүн IT-чечимдер боюнча лидерлердин бири болгон Douzone Bizon Co., Ltd. компаниясында тажрыйба алышат.
Биздин студенттер үчүн бул өзгөчө мүмкүнчүлүк:
Салымбеков Университети Douzone Bizon компаниясына үзгүлтүксүз колдоосу, IT-секторду өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого берген көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирет. Биз ишенебиз, мындай демилгелер эл аралык кызматташууну жана технологиялык прогрессти чыңдоого бекем негиз түзөт.
Салымбеков Университети өз студенттери менен сыймыктанат жана алардын карьералык өсүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү улантат!