Салымбеков университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине арналган иш-чара болуп өттү. Студенттер жана окутуучулар кыргыз тилинин улуттук маданияттагы маанилүүлүгүн баса белгилеп, тил мурасына болгон колдоолорун жана урматтоолорун көрсөтүштү. Бул иш-чара жаштар арасында эне тилибизди сактоо жана өнүктүрүү ишинде маанилүү кадам болду.