Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрь күнү «Мамлекеттүүлүктүн башатында» аттуу китептин бет ачары болуп өттү. Аталган китеп коомдук ишмер жана меценат Аскар Маткабылович Салымбеков жана тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул Байдилдеевдин авторлугунда жарыкка чыкты.
Тарыхый эмгек Кыргыз Республикасынын заманбап мамлекеттүүлүгүнүн башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгына арналган. Анда заманбап мамлекеттүүлүктүн негиздөөчүлөрү, эркин жана көзкарандысыз Кыргызстан үчүн өмүрүн арнаган улуу инсандар тууралуу маалыматтар камтылган.
Китеп Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын архивдик фонддорунан алынган материалдар менен байытылган, алардын көбү алгачкы жолу кеңири окурманга сунушталып жатат. Бул уникалдуу документтер аркылуу окурмандар биздин элдин көзкарандысыздыкка болгон азаттык жолун тереңирээк түшүнө алышат.
Долбоор Аскар Салымбековдун фонду тарабынан каржыланган.
Бул китеп — илимий эмгек гана эмес, Кыргызстандын маданий мурасына кошулган маанилүү салым. Мамлекеттүүлүгүбүздүн башаттарын жана элибиздин тарыхын тереңирээк түшүнгүсү келген ар бир адам үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз.