“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жарыяланган мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Салымбеков Университетинде “Сабаттуу жазалы” бир айлык акциясы башталды.
2024-жылдын 2-октябрында Салымбеков Жогорку медициналык мектебинин профессордук-окутуучулук курамы арасында проректор Назгүл Жолочиевна Мазекованын уюштуруусунда диктант өткөрүлдү.
Акция окуу жайыбыздын бардык түзүмдөрүндө улантылат. Бизге кошулуп, сабаттуулукту чогуу көтөрөлү!