Бүгүн Салымбеков университети Япониянын Осака университетинен ардактуу конокторду кабыл алды.
Осака университетинин профессорлору академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Медицина факультетинин студенттери үчүн кызыктуу жана билим берүүчү лекция окушту.
Бул иш-чара университеттер арасында билим жана маданий тажрыйба алмашууга жана медицина тармагындагы эл аралык байланыштарды тереңдетүүгө өбөлгө түздү.