Бүгүн Салымбеков Университетте 1-курстун студенттерине арналган азем өттү. Үстүбүздөгү окуу жылында медицина факультетине, Америка технологиялык институтуна жана Эл аралык IT жана бизнес колледжине 120 студент тапшырышты.
Университеттин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков 1-курстун студенттерин окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө азыркы заманда билимдин маанилүүлүгүн баса белгилеп, студенттерди чоң жетишкендиктерге умтулууга үндөдү.
Ошондой эле, университеттин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы 1-курстун студенттерин кызыктуу билим саякатына шыктандыруу жана колдоо максатында медицинанын жана IT тармагынын келечеги жөнүндө мотивациялык жана билим берүүчү презентацияны тартуулашты.
Жаңы билим менен сиз дүйнөнү өзгөртө аласыз!
Билим дүйнөсүнө саякаттын башаты - Салымбеков Университетине кош келдиңер!