“Дордой” ассоциациясынын ардактуу президенти, Салымбеков Университеттин негиздөөчүсү, меценат Аскар Салымбеков “Study Camp” окуу лагерибиздин катышуучулары менен жолугушту.
⠀
Жолугушуунун жүрүшүндө Аскар Мааткабылович кесип тандоодогу жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, мектеп окуучуларына кесип тандоодо алардын кызыкчылыктарына жана ыктарына кылдаттык менен мамиле кылууну, ошондой эле жеке артыкчылыктарын эске алууну кеңеш кылды. Ошондой эле билим алуунун жана үзгүлтүксүз өнүгүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
⠀
Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуу мектеп окуучулары үчүн пайдалуу болду. Жолугушуудан окуучулар кызыктырган суроолорун берип, мотивация жана жашоого керектүү жүйөлүү кеңештери ала алышты.