Эл аралык IT жана Бизнес колледжинде маанилүү окуя!
Биздин колледжде РИМБнын өкүлдөрү жана өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан келген 26 кесиптик лицейлердин жана окуу жайлардын окутуучулары конокто болушту.
Конокторго окуу корпусту тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлүп, андан соң колледждин директору, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуу болду. Алар билим алуунун артыкчылыктары, инновациялык программалар, дуалдык билим берүү, академиялык алмашуу жана башка көптөгөн темалар тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Студенттер өздөрүнүн кызыктуу долбоорлорун жана портфолиолорун тааныштырышты. Алардын арасында Emenu, Nechno Foods, Гейт Мастер, автоунаалар боюнча веб-сайт сыяктуу долбоорлор бар эле.
Коноктор активдүү суроолорду берип, студенттердин жогорку деңгээлдеги даярдыгын белгилешти. Биз өз жетишкендиктерибиз менен бөлүшүп, жаңы ийгиликтерге шыктандырууга кубанычтабыз!