Франкофония 2025 Кыргызстанда: Франциянын Элчисинин катышуусунда Нарын шаарында өткөн маданий-билим берүү иш-чарасы
21-апрель күнү Нарын шаарындагы Салымбеков Университетинин Инновациялык борборунда Франкофония жумалыгынын алкагында француз тилине жана маданиятына арналган маанилүү иш-чара өттү.
Иш-чараны Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Салымбеков Университети биргелешип уюштурушту.
Иш-чаранын өзгөчө маанилүүлүгүн Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Файдын катышуусу жогорулатты.
Программада:
Орусча субтитрлер менен француз тасмасын көрсөтүү
Францияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат сессиясы
Стипендиялар, алмашуу программалары жана англис, француз тилдеринде билим берүү тууралуу маалымат
Суроо-жооп сессиясы
Бул иш-чара Нарындагы жаштарга Франкофония дүйнөсү менен жакындан таанышууга жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пайдалуу маалымат алууга шарт түздү.