Америкалык технологиялар институтунун студенттерин 2-орун менен куттуктайбыз!
AITтин студенттер командасы 2025-жылдын 27-29-май күндөрү Кыргызстандын өкмөтүн санариптештирүү багытында стартаптарды түзүү хакатонунда экинчи орунду алды!
 Эки күндүн ичинде катышуучулар санарип башкаруу жаатындагы эл аралык адистерден мастер-класстарга катышып, үчүнчү күнү IT-чечимдерин калыстар тобуна сунушташты.
 Хакатондо төмөнкү актуалдуу маселелер сунушталган:
— ооруканалар, мектептер жана өрт өчүрүү бөлүмдөрүн жайгаштырууну жылуулук карталарына жана инфраструктурага карата оптималдаштыруу
— кайрылуулардын анализи аркылуу мамлекеттик кызматтардагы натыйжасыздыктарды аныктоо
— төрөлүү, миграция жана курулуш тыгыздыгын эске алуу менен мектептер жана бала бакчаларга муктаждыкты прогноздоо
 Биздин студенттер тапшырманы жогорку деңгээлде аткарышып, чыгармачылык жана командалык ишти көрсөткөн!
 Ыйгарым укуктуу уюштуруучулар:
— Эл аралык байланыш бирикмеси (БУУнун байланыш жана маалымат технологиялары жаатындагы адистештирилген мекемеси)
— И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
— ААК «Улуттук маалыматтык технологиялар»

503695011_18077897917843726_5159369460045006168_n
503557893_18077897905843726_1592971022345264418_n
503826896_18077897926843726_2660540387830062667_n
503695011_18077897917843726_5159369460045006168_n 503557893_18077897905843726_1592971022345264418_n 503826896_18077897926843726_2660540387830062667_n