АМЕРИКАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУНУН (АТИ) СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР
Салымбеков Университетинин Америкалык технологиялар институтунун студенттери дүйнөлүк деңгээлдеги финансылык жана стратегиялык башкаруу жаатында 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар эксперт Айдай Арыкбаева менен семинарга катышты.
Айдай айым төмөнкү эл аралык корпорациялардын жетекчи кызматтарында иштеген:
British Petroleum (BP)
ExxonMobil
Henkel
Бул компаниялардын жалпы базар капитализациясы 600 миллиард доллардан ашат.
Анын карьерасы төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
Корпоративдик финансы
Стратегиялык пландоо
Ички аудит
Бизнес-процестерди оптималдаштыруу
Мындан тышкары, Айдай:
Lakeview Trade LLCнин сооснователю
Ар түрдүү жаш курактагы жана коомдогу адамдардын финансылык сабаттуулугун жана ишенимин жогорулатууга багытталган Savvy Money Wisdom демилгесинин негиздөөчүсү
Анын жолу — глобалдык лидерликтин, кесипкөйлүктүн жана билим бөлүшүүнүн шыктандыруучу мисалы.
Биз АТИ студенттеринин мындай деңгээлдеги эл аралык эксперттерден тажрыйба алышына сыймыктанабыз.
Жаңылыктарыбызды күтүп, алдыда дагы көп кызыктуу окуялар болот!