Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинин 22 студенти академиялык мобилдүүлүк программасын INTI International Universityде, Куала-Лумпур, Малайзияда ийгиликтүү аякташты
Бир нече ай ичинде студенттер:
Эл аралык билим берүү чөйрөсүнө сүңгүштү
IT жана бизнес боюнча заманбап сабактарды өтүштү
Дүйнөнүн ар тарабынан досторду табышты
Командалык иш, аналитикалык ой жүгүртүү жана өз алдынча жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүштү
Кыргызстанга кайтып келген соң, студенттер Салымбеков Университетинин жетекчилиги менен жолугушуп, таасирлерин бөлүшүп, ыраазычылык билдиришти.
Программага катышуу университет жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен акысыз жүзөгө ашты.