Мамлекеттик тилди санарип аркылуу үйрөнүү — бул келечек!
23-майда Салымбеков Университетинде мамлекеттик тилди окутууну санариптештирүүгө арналган методикалык иш-чара өттү.
Студенттер А1 жана А2 деңгээлдери үчүн даярдалган 48 видео-сабак менен таанышып, QR-код аркылуу сабактарга кирип, активдүү катышышты.
Ошондой эле, “Кыргызча оңой” мобилдик колдонмосунун жетекчиси, Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу Данияр Карабаев колдонмо тууралуу маалымат берип, студенттерди тест тапшырууга чакырды.
Жыйынтыгында студенттер алган упайына жараша таза табигый курут белекке алышты!
Иш-чараны Мамлекеттик тил боюнча проректор Назгүл Мазекова жана Улуттук комиссиянын өкүлү Карлыгач Жумакадырова жетектешти.
Бул формат — тилди үйрөтүүнүн заманбап, натыйжалуу жана кызыктуу жолу