Эл аралык медицина факультетинде “Манас” эпосуна арналган конок лекция өттү. Лекцияны Калифорниядагы Вин университетинин профессору, Вашингтондогу профессор Жозеф О өттү. Профессор Жозеф «Манас» эпосун көп жылдан бери изилдеп келет.
⠀
Профессор Жозеф лекциясын “Манас” эпосунун тарыхынан баштады. Ал «Манас» эпосу кыргыз элинин турмушун, тарыхый окуяларын сүрөттөп гана тим болбостон, акылмандыктын, адептүүлүктүн да сабагы экенин айтты. Эпосто эркиндик үчүн күрөш, адамдардын жаратылыш менен, бири-бири менен гармонияда жашашы керектиги айтылат.
⠀