Салымбеков Университети Эл аралык IFES фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Салымбеков Университетинин тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Аваз Казаков Кыргызстандагы Эл аралык IFES фондунун өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул келишимдин алкагында жарандык билим берүү программасы боюнча биргелешкен иш башталат. Окутуу студенттер үчүн эң эффективдүү жана кызыктуу болушу үчүн жаңыча ыкмалардын негизинде жүргүзүлөт.
Иш-чараны уюштуруп өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына ыраазычылык билдиребиз.
Бул кызматташтык активдүү жана жоопкерчиликтүү жарандык коомду өнүктүрүү жолунда маанилүү кадам болот деп ишенебиз.

468578751_18059790253843726_4493278580571002251_n
468888686_18059790265843726_1317983879717098397_n
468683644_18059790256843726_1855406276411157841_n
468588576_18059790238843726_3150045789760749147_n
468628920_18059790274843726_2036715069649645866_n
468578751_18059790253843726_4493278580571002251_n 468888686_18059790265843726_1317983879717098397_n 468683644_18059790256843726_1855406276411157841_n 468588576_18059790238843726_3150045789760749147_n 468628920_18059790274843726_2036715069649645866_n