Салымбеков Университети Эл аралык IFES фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Салымбеков Университетинин тышкы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору Аваз Казаков Кыргызстандагы Эл аралык IFES фондунун өкүлчүлүгү менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.
Бул келишимдин алкагында жарандык билим берүү программасы боюнча биргелешкен иш башталат. Окутуу студенттер үчүн эң эффективдүү жана кызыктуу болушу үчүн жаңыча ыкмалардын негизинде жүргүзүлөт.
Иш-чараны уюштуруп өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына ыраазычылык билдиребиз.
Бул кызматташтык активдүү жана жоопкерчиликтүү жарандык коомду өнүктүрүү жолунда маанилүү кадам болот деп ишенебиз.