Салымбеков Университетинин жетекчилиги Кытай-Кыргызстан «Belt and Road» академиялык форумуна катышты
2024-жылдын 27-ноябрында Салымбеков Университетинин жетекчилиги Цицикар Медициналык Университети тарабынан уюштурулган Кытай-Кыргызстан «Belt and Road» академиялык форумуна катышты. Форум эки өлкөнүн академиялык жана илимий эксперттерин чогултуп, медициналык илимдер тармагындагы акыркы жетишкендиктерди жана «Belt and Road» демилгесинин алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Форумда Салымбеков Университети тарабынан университеттин Президенти Амангелди Жумадилов, вице-президенти Рысбек Абдылдаев жана проректору Маана Уметалиева доклад менен чыгышты. Өз докладында Амангелди Жумадилов медициналык изилдөөлөрдө, билим берүүдө жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыктын негизги ролун баса белгиледи.
Форум маалымат алмашуу, тажрыйба менен бөлүшүү жана келечектеги изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо багытында абдан пайдалуу болду.