Кызматташууну бекемдөө: Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынын ректорлору Салымбеков Университетиндеги алгачкы санариптик онкологиялык лабораторияга барышты
Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбекович баштаган ректорлор делегациясы Салымбеков Университетинин колдоосу менен ачылган алгачкы санариптик онкологиялык лабораторияга барышты.
Визит учурунда катышуучулар лабораториянын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, санариптик диагностиканын заманбап технологияларын изилдеп
изилдөөлөрдүн, академиялык алмашуу жана кадрларды даярдоо боюнча келечектеги пландарды талкуулашты.