БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК
Ушул жумада биздин университетке INTI International University өкүлдөрү келип кетишти:
Assoc. Prof. Ts. Dr. Choo Wou Onn – Эл аралык байланыштар жана кызматташтык борборунун директору (IRCC)
Эл аралык мамилелер жана кызматташтык борбору (IRCC)
Siti Nurbaayah Binti Daud – Бизнес жана коммуникация факультетинин декандын орун басары
Жолугушуунун алкагында окуу программаларынын окшош жактары жана билим берүү тармагында кызматташуу келечеги талкууланды.
INTI International University жана Эл аралык IT жана бизнес колледжи ийгиликтүү ишке ашырууда:
Кош диплом программасын – бүтүрүүчүлөр эки окуу жайдын тең дипломун алышат, бул алардын карьералык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Студенттерди алмашуу программасын – учурда студенттер INTI International Universityде билим алып, эл аралык билим берүү стандарттары жана Малайзиянын маданий ар түрдүүлүгү менен таанышып жатышат.
Мындан тышкары, коноктор учурда INTI International Universityде окуп жаткан студенттерибиздин ата-энелери менен жолугуп, окуу процессине, мүмкүнчүлүктөргө жана чет өлкөдөгү студенттик жашоого байланыштуу суроолорго жооп беришти.
Мындай жолугушуулар эл аралык байланышты чыңдап, студенттерибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат