AIT Solutions — стартап жана бизнес-платформа катары иш алып барган IT лаборатория

Америка Технологиялык Институтунун (AIT) алдында студенттер менен окутуучулардын биргелешкен демилгеси аркылуу түзүлгөн AIT Solutions бүгүнкү күндө IT лаборатория, ошондой эле стартап жана бизнес-платформа катары ийгиликтүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

AIT Solutions’тун негизги максаты — бакалавриат деңгээлинде билим алып жаткан студенттерге алган теориялык билимдерин реалдуу IT долбоорлордо колдонууга, продуктыларды иштеп чыгууга жана аларды рынокко чыгарууга шарт түзүү. Лаборатория стартаптык ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, студенттерди бизнес-процесстерге жана эл аралык рынок менен иштөөгө активдүү тартат.

Учурда AIT Solutions командасында 35 бакалавр студенти иштеп, алар окууну практикалык жумуш менен айкалыштырып, реалдуу бизнес-долбоорлордун үстүндө иш алып барышууда, кесиптик тажрыйба топтоп жана эл аралык деңгээлдеги портфолио түзүшүүдө.

AIT Solutions IT лабораториясы буга чейин бир катар эл аралык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып, чет өлкөлүк кардарлар менен туруктуу кызматташтыкты жолго койгон. Долбоорлордун географиясы төмөнкү аймактарды камтыйт:

  • АКШ (Houston, Texas, New York, San Francisco, Dallas) — жалпы 22 долбоор

  • Бириккен Араб Эмираттары (Дубай) — 2 долбоор

  • Кытай — 1 долбоор

  • Кыргызстан — 2 долбоор

AIT Solutions билим берүү менен стартаптык экосистеманы жана чыныгы бизнес-практиканы айкалыштырып, келечектеги IT адистерин жана ишкерлерин даярдоого багытталган. Бул платформа инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга, ишкердик ой жүгүртүүнү калыптандырууга жана эл аралык кызматташууну бекемдөөгө маанилүү салым кошууда.

IMG_5144
IMG_5139
IMG_5117
IMG_5126
IMG_5122
IMG_5343
IMG_5371
IMG_5362
IMG_5356
IMG_2909
IMG_5144 IMG_5139 IMG_5117 IMG_5126 IMG_5122 IMG_5343 IMG_5371 IMG_5362 IMG_5356 IMG_2909