
Asan Medical Center жана Салымбеков Университети — эл ден соолугу үчүн биргеликте!
Нарын шаарында 800дөн ашуун жаран акысыз медициналык жардам алышты!
Нарын шаарында Азиянын алдыңкы медициналык борборлорунун бири — Asan Medical Center (Сеул ш., Түштүк Корея Республикасы), Салымбеков Университети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргелешип уюштурган эл аралык медициналык миссия ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Миссиянын курамына Түштүк Кореядан келген 46 дарыгер жана медайым кирди. Бир нече күндүн ичинде алар Нарын облусунун 800гө жакын тургунуна квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүштү. Ар бир жаран текшерүүдөн өтүп, консультация жана дарылоо алып, витаминдер, дары-дармек жана көз айнектерди бекер алышты.

Негизги багыттар:
Терапия — өнөкөт оорулардын текшерүүсү жана дарылоо;
Пульмонология — өпкө жана дем алуу жолдорунун оорулары;
ЛОР — кулак, мурун жана тамак ооруларын дарылоо;
Офтальмология — 21 көздүн катарактасын алып салуу операциясы;
Пластикалык хирургия — медициналык көрсөтмөлөр боюнча реконструктивдик операциялар.

Миссиянын алкагында лабораториялык изилдөөлөр, УЗИ жана ЭКГ жасалды.

Бул долбоор Салымбеков Университетинин үчүнчү миссиясынын алкагында ишке ашырылып, калктын саламаттыгын чыңдоого, региондорду өнүктүрүүгө жана Кыргызстанды эл аралык демилгелердин активдүү катышуучусу катары илгерилетүүгө багытталган.

Бул иш-чара дүйнөлүк өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн көрсөтүп, медицина, билим жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошту.