Дордой» ассоциациясы жана Түштүк Кореянын Douzone ICT Group компаниясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту! Douzone жетекчилигинин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кызматташуунун келечеги талкууланып, биргелешкен долбоорлор үчүн негиз түзүлдү. Бул ишкердик байланыштарды бекемдөө жана Кыргызстанда алдыңкы ИКТ чечимдерин ишке ашыруу үчүн маанилүү кадам!
Douzone ошондой эле Салымбеков Университетин активдүү колдоп, студенттерди кыска мөөнөттүү стажировкаларга кабыл алып, алардын кесиптик өсүшүнө жана тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүп келет.
ouzone Bizon Co., Ltd. жөнүндө маалымат:
1991-жылы негизделген Douzone Bizon Co., Ltd. — Түштүк Кореянын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (ИКТ) тармагындагы лидер. Чхунчхон шаарында жайгашкан башкы кеңсеси менен компания ERP-системаларды иштеп чыгууга, булуттук технологияларга, маалымат коопсуздугуна жана электрондук финансылык кызматтарга адистешкен. Douzone 111 000ден ашык чакан жана орто ишканаларды жана 20 000 ири корпорацияларды тейлейт, Түштүк Кореянын ERP рыногунун 20%дан ашыгын ээлейт. Анын WEHAGO, Amaranth10 жана OmniEsol сыяктуу чечимдери финансы, салык жана автоматташтыруу сыяктуу бизнес-процестерди реалдуу убакытта башкарууну камсыздап келет