Салымбеков Университетинин негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович жана вице-президенти Абдылдаев Рысбек Алдагандаевич АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан “Cureline Group” биотехнологиялык ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөздү
Жолугушууда келечекте Кыргызстанда биотехнологиялык лаборатория ачуу планы талкууланды. “Cureline Group” медицина багытында ири жана заманбап изилдөөлөрдү жүргүзгөн эл аралык биотехнологиялык компания болуп саналат. Аталган лабораториянын Кыргызстанда ачылышы рак ооруларын убагында жана туура аныктоого мүмкүнчүлүк берип, эл аралык ири изилдөөлөргө жол ачат.