КР Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын бир нече ЖОЖдорунун ректорлору Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу иш-чараларга катышууда. ⠀
Бул форумга Салымбеков Университеттин президенти Амангелди Жумадилов дагы катышууда.
Кыргыз Республикасынын жана Венгриянын ректорлор форумунун алкагында биринчи күн бир канча иш чаралар менен коштолуп, ийгиликтүү өтүүдө. Күндүн биринчи жарымында мамлекетибиздин биринчи айымы Айгүл Жапарованын катышуусунда “Улуттук салттын ажайып сулуулугу” аталышында этно фото көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.
Андан соң, Венгриядагы мамлекеттик жана жеке менчик жогорку окуу жайлар менен таанышып, тажрыйба алмашуулар талкууланып, эки тараптуу макулдашуулар менен коштолду.
Иш-чаранын алкагында Салымбеков Университеттин президенти Амангелди Жумадилов Будапешт Метрополитен Университет менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.
КРнын Билим берүү жана илим министри У.Э. Мамбетакуновко OBUDA университетинин Ардактуу жараны наамы ыйгарылышы менен куттуктайбыз!
photo1676361971 (2)
photo1676361971
photo1676362039 (2)
photo1676361971 (6)
photo1676361971 (1)
photo1676361971 (4)
photo1676361971 (5)
photo1676361971 (3)
photo1676362039 (1)
photo1676361971 (2) photo1676361971 photo1676362039 (2) photo1676361971 (6) photo1676361971 (1) photo1676361971 (4) photo1676361971 (5) photo1676361971 (3) photo1676362039 (1)