Салымбеков Университеттин клиникалык иштер боюнча проректору, медицина илимдеринин кандидаты Нурбек Монолов Италияда өтүп жаткан Европалык урология конгрессине катышууда.
⠀
Жыл сайын өткөрүлүүчү Конгресс урологдорго карьерасынын бардык баскычтарында билим берүү курстарына жана практикалык тренингдерге катышуу аркылуу медициналык даярдыгын өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет.
⠀
Конгрессте Нурбек Монолов урология тармагындагы изилдөөлөрүн сунуштап, ошондой эле Европанын башка алдыңкы урологдору менен тажрыйба алмашып жатат.
⠀
Салымбеков Университет өзүнүн проректорунун мындай иш-чарага катышканы менен сыймыктанат жана анын катышуусу университетибиздин жана жалпы эле илимдин өнүгүшүнө маанилүү салым болоруна ишенебиз.