Бүгүн университетте Кочкор районунун мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү боюнча иш-чара болуп өттү.
⠀
⠀
Жолугушууда мектеп окуучуларына максат коюу, убакытты туура пайдалануу жана кесипке багыт берүү боюнча мастер-класстар уюштурулуп, алар көптөгөн пайдалуу кеңештерди ала алышты. Бул тажрыйба аларга келечекте кесип тандоодо жана андан аркы карьера жасоодо жардам берет деп ишенебиз.
⠀
Жалпысынан кесипке багыт берүү боюнча жолугушуу мектеп окуучулары үчүн абдан пайдалуу жана мазмундуу болду. Ошондой эле университет тууралуу маалымат алып, окуу процесси, практикалык сабактарда колдонулган техникалык жабдуулар менен тааныша алышты.