Инновациялар жана өнөктөштүк
АУЦА конок сапары
Бүгүн Салымбеков Университети Борбордук Азиядагы Америка Университетинин президенти, доктор Тимоти Эдвард О’Коннор башында турган делегацияны кабыл алды.
Визиттин алкагында конокторубуз университеттин клиникалары, лабораториялары жана окуу процессинин өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Жолугушууда биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлордун келечеги талкууланып, кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул визит биздин университеттердин ортосундагы байланыштарды бекемдөөдө маанилүү кадам болуп, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.