Салымбеков Университет Республикалык илимий-методикалык борбору менен бирге Казакстан Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу «Talap» акционердик коомунун өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрдү.
Иш-чарага төмөнкү өкүлдөр катышты:
Татибеков Санжар Меархинович — «Talap» акционердик коомунун президенти,
Нигметжанова Марал Кудайбергеновна — «Talap» акционердик коомунун ТиПО системасынын изилдөөлөр жана мониторинг башкармалыгынын жетекчиси,
Сартаев Оралхан Имангалиевич — Жогорку IT жана жаңы технологиялар колледжинин директору,
Тагаева Гулмира Жапбаровна — Жеңил өнөр жайы жана кызмат көрсөтүү колледжинин директору,
Карагулов Ерулан Серікулы — Алматы технологикалык колледжинин директору,
Ракымжан Асель Кайроллакызы — Щучинск шаары, Бурабай районунун Жогорку техникалык колледжинин директору,
Чекрыжова Светлана Александровна — Мангистау облусунун туризм колледжинин окуу иштеринин орун басары.
Семинар Кыргызстан жана Казакстандагы билим берүү мекемелери арасында тажрыйба алмашуу жана байланыштарды бекемдөөнүн маанилүү платформасына айланды!