Алматы шаарындагы эл аралык форум
Салымбеков Университети Казакстан-Россия медициналык университети тарабынан уюштурулган «Медициналык билим берүү чөйрөсүндө эл аралык интеграция» темасындагы эл аралык форумга катышты.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Казакстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда тажрыйба алмашууга сонун мүмкүнчүлүк берди.
 Азамат Ырысбаев “Клиникалык медицинаны окутууда мультитармактык ыкма” темасында баяндама жасап, казакстандык кесиптештер арасында кызыгууну жаратты жана жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.
Ошондой эле, форумда биздин расмий өкүлүбүз Мунарбек уулу Марат да активдүү катышып, талкууларды колдоду.
Бул форумда алынган билимдер университетибиздин өнүгүшүнө жана эл аралык байланыштардын бекемделишине чоң салым кошот деп ишенебиз.