Нарында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн семинар жана гранттык тест өткөрүлдү!
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жасалма интеллект, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кесиптерге багыт берүү иштерин жүргүзүү максатында, Салымбеков Университети Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын колдоосу менен 9-11-класстын окуучуларына арналган семинар өткөрдү.
Иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары — Шабдан Абдырайым уулу катышып, окуучуларга дем берип, билим алуунун жана заманбап адистиктердин маанилүүлүгүн белгиледи.
9-класстын окуучулары үчүн Эл аралык IT жана бизнес колледжинде гранттык негизде окуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү тест уюштурулду.
Ошондой эле окуучуларга IT, бизнес жана жеке өнүгүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.
Иш-чарага көмөк көрсөткөн облустук жетекчиликке жана катышкан бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыраазычылык билдиребиз!