«Моя история успеха!»
Ар бир жумада Салымбеков Университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинин студенттери англис тилинде өздөрүнүн ийгиликтеринин окуялары менен аудиторияга чыгып сүйлөшөт.
Кээ бирлери өздөрүнүн адистигин эмнеге тандаганын айтып беришет, кээ бири спорттук ийгиликтерин, кээ бири үй-бүлөлүк бизнеси, веб-сайт, мобилдик тиркеме же программа иштеп чыгуусу тууралуу баяндайт, кээ бирлери олимпиададагы жеңиши тууралуу сүйлөшөт. Ошондой эле алар кандай кыйынчылыктарды жеңип, эмнелер аларды ийгиликтүү болууга шыктандырып жатканын айтышат. Ар бир адамдын өзүнүн мотивациялары бар, ал эне-атасы, мугалими же достору болушу мүмкүн!
Бул жолу студенттер өздөрүнүн уникалдуу презентациялары жана шыктандыруучу окуялары менен бөлүшүштү.
Ийгиликтин окуясы — бул ар дайым эмоционалдык саякат! Ар бир сүйлөгөндөн мурун эмоциялар, аракет, ыраазычылык, сыймык жана шыктандыруу сезилет!
История успеха — это всегда эмоциональное путешествие! На каждом выступлении чувствуется волнение, настойчивость, благодарность, гордость и воодушевление!
Бардык студенттерге өз максаттарына жетишүүгө чоң ийгиликтерди каалайбыз!